Эл аралык кызматташтык боюнча жапон агенттигинин (JICA) Кыргызстанда иштей баштаганына 10 жыл болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, буга байланыштуу бүгүн президент Роза Отунбаева катышкан салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, аталган агенттиктин жетекчилерин президент кабыл алат. Ошондой эле бүгүн Кыргызстандагы JICAнын бүтүрүүчүлөрүнүн жыл сайын өтүүчү экинчи жолугушуусу болот. (IJz)