Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

Латвиялыктар оңчул өкмөттүн саясатын колдошту


Латвиядагы парламенттик шайлоо көпчүлүк эл өлкөнү катаал экономикалык кризис учурунда жетектеген орточул оңчул өкмөттү колдогонун көрсөттү. Добуштардын дээрлик көбү эсептелгенден кийин, премьер-министр Валдис Домбровскис башындагы орточул коалиция үчүн шайлоочулардын 59 процентке жакыны добуш бергени аныкталды. Бул оңчул коалиция 100 орундуу парламентте үчтөн эки мандатка ээ болот дегенди билдирет. Орус тилдүү азчылыкка таянган солчул оппозициянын “Ынтымак борбору” 25 процентке чукул добуш алганы маалымалды.

Былтыр Латвиянын ички дүң жыйымы 18 процентке төмөндөгөн жана 2, 2 миллион калктуу өлкө кризистин сазына батпаш үчүн Эл аралык валюта корунан 765 миллиард доллар насыя алган.

XS
SM
MD
LG