Өлкөнүн президенти Траян Бэсеску полиция кызматкерлеринин массалык демонстрацияларынан кийин мурдагы министрди кызматтан алып, жаңы киши дайындады. Миңдеген полицмендер Бухарестте президенттин резиденциясын таш бараңга алып, бөтөлкөлөр менен атып урушту. Бэсеску премьер-министрден аларды тартипке чакырууну талап кылды. Финансылык кризистен улам үнөм режимин жарыялаган өкмөттүн чечими өлкөдө калктын көп катмарынын, анын ичинде полиция кызматкерлеринин да нааразылыгын пайда кылды.