АКШнын куралдуу күчтөрүнүн штаб башчылар комитетинин жетекчиси Багдадда президент жана премьер-министр, ошондой эле америкалык контингенттин командачысы менен жолугушат. Сүйлөшүүлөрдө АКШ аскерлерин Ирактан чыгаруу маселеси талкууланат. Быйыл августтун этегинде өлкөдө 50 миңден ашпаган контингент калат. Декабрда бардык аскерлер Ирактан чыгарылат.