“Чекарасыз догдурлар” уюму бүгүн билдиргенине караганда, Ош облусунун өзбек тектүү тургундарынан токмок жеп, медициналык колдоо сурагандар көбөйдү. Алардын арасында милициядан жапа тарткандар да бар экени айтылды. Ошол эле маалда уюм ал адамдарга медициналык жардам алганга күч органдары тоскоолдук кылып жатышканын белгиледи.
Кечээ адам укугун коргоочу Human Rights Watch эларалык уюму Өзбекстан менен чектеш жерден кыргыз чекарачылары адамдардын өтүшүнө уруксат бербей жатышканын билдирген. Ошол эле күнү Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комиссары Нави Пиллай “кыргыз күч органдары көбүнчө өзбектерди туш келди камап, кыйноолорго алып жатышканы” жөнүндө кабары бар экенин айткан.