Бул тууралуу адвокат Александр Типеров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, шейшемби күнкү соттук жараянда күбөлөрдүн көрсөтмөсүн жарыялоо уланат.Өткөн жылы орун алган Петровка окуясы боюнча “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бүлекбаев, Уран Рыскулов жана Сапар Аргымбаев айыпталууда. Бирок алар айыптоолорду четке кагып, саясий ишмердүүлүгү үчүн куугунтукка алынганын билдирип келатышат.(AiT)