Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын билдиришинче, бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы келерки жумада оппозициячыл күчтөр менен конституицяга киргизилчү өзгөртүүлөрдү талкуулашат. Өкмөттүн маалымдашынча, сотторду дайындоонун жолун өзгөртүү жана саясый партияларды тыйуу салууну татаалдантуу да сунуш кылынууда. Диниябий секуляристтер сунуш кылынган өзгөртүүлөр өлкөнү исламчылыкка алып барат деп кооптонушат.
Эрдогандын АК партиясы парламентте үстөмдүк кылат. Бирок конституция жалпы элдик референдум аркылуу өзгөртүшү мүмкүн экенин эскертүүдө.