Өлкөнүн чыгыш тарабында болгон зилзаладан, расмий өкүлдөрдүн айтымында, бери дегенде 41 адамдын өмүрү кыйылды. Жер титирөөнүн очогу башкаала Анкарадан 550 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Елазиг деген вилайетте болуп, күчү ал жерде 6 баллдан ашкан. Өкмөттүн кризис борборунун маалыматына караганда, зилзаладан улам Елазиг провинциясынын аймагынан алты кыштакта үйлөр талкаланган, 100дөй адам жаракат алган. Жер силкинүүсүнүн күчү Елазиг провинциясына коңшу аймактарда да сезилген. Дүрбөлөңгө түшкөн жашоочулар көчөлөргө чуркап чыгышып, өткөн түндү ачык асман алдында өткөрүштү.