Ал буга чейин Социал-демократтар фракциясынын алдында отчет берген. Акыйкатчы отчет берип жатып билдиргенине караганда “Жарандардын тынч, куралсыз эркин чогулуу укугу” тууралуу мыйзам долбооруна дагы өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин парламентке кийирүү аракеттери болууда. Анын айтуусунда аталган мыйзам долбооруна буга чейин Коммунисттер фракциясынын лидери И. Масалиев тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр кырдаалды турукташтырганы менен адам укугунун эл аралык нормаларына жана Башмыйзамга каршы келген жерлери бар. Ал эми Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңеши тарабынан сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда булар сакталган.
Турсунбек Акун Акыйкатчы институтунун жетекчилигине 2008-жылы 14-февралда парламент тарабынан шайланган.(ZKo)
Турсунбек Акун Акыйкатчы институтунун жетекчилигине 2008-жылы 14-февралда парламент тарабынан шайланган.(ZKo)