Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

Россия Украинага элчисин жиберди


Россиянын Украинадагы элчиси Михаил Зурабов Киевге барды. Ал элчи болуп былтыр августта дайындалган. Бирок бир нече күндөн кийин орус президенти Дмитрий Медведев украин мамлекет башчысы Виктор Ющенкого ачык кат жолдоп, аны антироссиячыл саясат жүргүзүп жатат деп айыптаган жана Киевге элчини жиберүүнү кечеңдетүү тууралуу жарыялаган.
17-январда Украинада президенттик шайлоонун биринчи айлампасы болуп, Ющенко кийинки жарыштан чыгып калды.
Орусиянын расмий адамдары шайлоонун экинчи айлампасы орус-украин мамилелерине оң таасир тийгизет деп ишенишет. 7-февралда жогорку кызмат үчүн россиячыл саясатчы, Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович жана премьер-министр, "Саргылт ыңкылаптын" өкүлү Юлия Тимошенко ат салышмакчы.

XS
SM
MD
LG