Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Кыргызстанда “Көз карандысыз жашоо борборлору” ачылат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар кыймылынын жетекчиси Мирбек Асангариев билдирди. Анын айтымында, жакында мамлекеттик эмес уюмдардын жана өкмөттүн өкүлдөрү Жапонияга барып үч жылдык долбоорду ишке ашыруу тууралуу маалымат беришти. Ага ылайык, Кыргызстанда майып адамдарга ар тараптан колдоо көрсөтүү боюнча борборлор түзүлмөкчү. Алгачкылары быйыл Бишкекте жана Караколдо ачылат. Долбоорду жапон өкмөтү каржылаганы жатат. Соңку маалыматка ылайык, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны жүз минден ашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG