Ишембиде эртең менен Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагында күчү 5,3 баллдык жер титирөө болду, андан акыркы маалыматтар боюнча 20 миңдей адамдын там-ташы кыйрады. Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалыматы боюнча, жер титирөөдөн каза тапкандар жок, бирок электр зымдары үзүлүп, эки мектеп, бир оорукана бузулуп, айылдарды байланыштура турган айрым жолдор жабылып калган.