Мындай чечим фракциянын бүгүнкү жабык эшик артында өткөн жыйынында кабыл алынды. Парламенттин жаңы структурасы боюнча 12 комитеттин ордуна 9 комитет иштейт. Фракция мүчөсү Бегалы Наргозуевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, депутаттар өздөрү бир жардамчысынан баш тартуу демилгесин көтөрүп чыгышкан. Ошондой эле реформанын алкагында Парламенттин аппаратынан жана иш башкармалыгынан 200гө чукул кызматкер кыскарат. Бул маселе 5-ноябрда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында каралмакчы. (КЕ)