Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Петровкадагы жаңжал боюнча сот иши 3-ноябрга жылдырылды


Кечээ (22-октябрда) Петровкадагы жаңжал боюнча сот жараяны улантылды. “Жашылдар” партиясынын басма сөз кызматынан кабарлангандай, сотто бир нече күбөлөр суралып, алар көрсөтмө беришти. Адвокат Нина Зотова сотто жактоочуларды астейдил болууга чакырды. “Жашылдар” партиясынын ырасташынча, сотто күбөлөрдүн сөздөрү протоколго үн жаздыргыч колдонулбай киргизилди. 26-апрелде Петровка айлында төрт жашар кызды күрт улутундагы жигит зордуктап койду деп жаалданган эл айылдагы күртөрдүн көчүп кетишин талап кылган. Тополоңду уюштурду деген шек менен “Болуш” бирикмесинин жетекчиси Сапар Аргынбаев, “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбев жана укук коргоочу Уран Рыскулов камакка алынган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG