Бүгүнкү соттук жараянда айыпталуучулар көрсөтмө берүүнү улантышат. Кечээ алардын айрымдары жок жерден күнөөлүү болуп отурушканын айтып, коюлган күнөөнүн баарын милиция күч колдонуу менен мойнуна алдыргандыгын билдиришти. Алардын сурак протоколу мыйзамсыз жүргүзүлдү, ошондуктан, аны жокко чыгарып бериңиз, деген өтүнүчүн сот Болот Дүйшөмбиев канааттандырган жок.
23-июлдагы президенттик шайлоо учурунда Балыкчыда камакка алынган 23 кишиге “баш-аламандык уюштурган, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган” деген айып коюлуп, камакка алынган. Кийинчерээк алардын айрымдарынын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Айыпталып жаткандар болсо шайлоодогу орун алган мыйзамсыздыктарга нааразылыгын билдирүү үчүн гана көчөгө чыгышканын айтып келишет.
23-июлда президенттик шайлоого добуш берүү учурунда одонон мыйзам бузуулар болгондугун ЕККУнун байкоочулар миссиясы, байкоочулардын эл аралык ЕНЕМО уюму да маалымдаган.(ZKo)