“Орус президенти Дмитрий Медведев Украинаны жамандап жатышы коңшу мамлекеттердин алакаларын жакшыртпайт” деп айтылат АКШнын Мамдепартаментинин билдирүүсүндө. Медведев буга чейин Украинаны НАТОго кошулуу мүдөөсү үчүн сындап, былтыркы орус-грузин согушунда грузиндерге курал-жарак берген деп айыптаган эле. Украин президентинин Катчылыгынын жетекчиси Вера Ульянченко орус президентинин билдирүүсүнө жооп жазып: “Орусия дале империалык комплекстеринен арыла албай, коңшуларын коркутуп сүйлөгөнүн койбой жатат” деген.