Бүгүн Анкарада “Набукко” газ боросун куруу боюнча мамлекеттер аралык келишимге кол коюлат. Түркия 12-июлда келечекте боро менен ташылчу газдын 15 пайызын арзан баада берүү жөнүндөгү талабынан баш тартты. 8 миллиард долларлык долбоор Евробиримдиктин Орусиянын газына болгон көз карандылыгын азайтууга тийиш.