Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Экономикалык өнүктүрүү министрлигинде Салык Кодекси талкууланды


Анда Салык Кодекси экономикалык өнүгүү шартына ылайыкталып жазылганы бирок экономикалык кризис болгондон кийин айрым беренелерди карап, тактап коюу зарылчылыгы келип чыкканы белгиленди. Ошондой эле Кирешеден түшүүчү салыктын “Кирешенин минималдуу эсеби” салык төлөөчүлөргө оор болуп жатканы, кыймылсыз мүлк салыгынын механизми иштелип чыкпаганынан улам ишке кириши кечиктирлиши айтылды. Маалыматка караганда кыймылдуу мүлк (автоунааларга салыктар) мурда Жолдо жүрүү коопсуздугу башкармалыгы чогултулуп келсе, азыр салык инспекциясынын чогултуусунан улам 2,5 эсеге көбөйгөн. Отурумда айрым салык төлөмдөрүнүн көбөйүшү көмүскө экономиканын коңулдан чыгып, коррупциянын тизгини тартыла баштаганынан улам болгону белгиленди. (AJ)

XS
SM
MD
LG