Учурдагы президент жана президенттикке талапкер Курманбек Бакиев кечээ Таш-Көмүр шаарынын шайлоочулары менен жолугушуп, өз сөзүндө баардык саясий күчтөр жана жарандык коом өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө барууга даяр экенин билдирди. Анын айтымында, ал ар дайым баардык оппозиция лидерлерин кызматташууга чакырып, айрымдарына премьер-министрлик орунду да сунуштаган учурлары болгон. Алардын айрымдары көрсөтүлгөн ишенимди актап иштеп жатышкан болсо, башкалары өз каалоолору менен кетип калышкан.
Буга чейин оппозиция лидерлеринин бири, алдыдагы президенттик шайлоодо учурдагы президенттин негизги атаандашы Алмазбек Атамбаев бийлик менен сүйлөшүүгө барып, премьер-министрлик кызматты аркалаган.
Учурда А.Атамбаев премьер кезинде бир топ иштерди аткарганын, бирок бийлик системасын реформа кылмайынча абал өзгөрбөй турганын түшүнгөнүн, ошол себептүү кызматынан кеткенин айтыууда. Андан тышкары бийлик менен сүйлөшүүгө барган Өмүрбек Бабанов, Мелис Эшимканов сыяктуу мурдагы оппозиционерлер ушул тапта чоң кызматтарда отурушат. (IJz)