Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Билим берүү министрлигине нааразы ата-энелер коомчулукка кайрылышты


Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаевге жана маалымат каражаттарына жолдонгон кайрылууда ата-энелер министрликтеги коррупцияга нааразылыгын билдиришкен. Анда айтылгандай өткөн жылы күзүндө “Москва –менин кыялым” деп аталган сынак болуп, анда жеңип чыккандар Москвадагы “Московия” деген лагерде бир ай эс алышат, деген убада болгон. Бирок жакынкы күндөрү бул лагерге конкурста жеңбеген, башка эле балдар жиберилип жатканы маалым болду, деп билдирген кайрылуу ээлери министр Абдылда Мусаевден буга түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан. Аталган сынакта баш байгени жеңип алган окуучунун энеси Елена Баялинованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча “Московия” лагерине эс алууга баруучу балдардын тизмесин түзгөндөр Москва өкмөтүнүн катын эске албагандыгы көрүнүп турат, катта болсо сынакта жеңип чыккан окуучулардын тизмеси берилген.
Билим берүү министрлиги буга байланыштуу билдирген маалыматында бул жерде эч кандай коррупция жок, деп маалымдады. Министрликтин статс-катчысы Абдырашит Акунжандын “Азаттыкка” айтканына караганда лагерге эс алууга баруучу балдардын тизмесин атайын комиссия аныктаган, ал жерде эч кандай катачылык кеткен эмес.(ZKo)

XS
SM
MD
LG