Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн такси кызматы иштөөдө


“Гарант” деп аталган социалдык такси кызматы айына бир жолу мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн даректүү жардам көрсөтүп турушмакчы. Маселен ооруканаларга бекер ташуу. Аталаган долбоордун демилгечилеринин бири “Теңдик” коомдук уюмунун жетекчиси Гүлмира Казакунованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда аталган такси кызматы коммерциялык кызыкчылыктарды көздөбөйт. “Ишмердүүлүктөн түшкөн акча толугу менен штатты камсыздап кеңейүүгө жана майыптарга гуманитардык жардам көрсөтүүгө багытталат. Ал эми келечекте топтолгон каражаттар өз ишин ачам деген майыптарга каржылоо борбору болуп берет деген оюбуз бар. Ал эми авто унаалуу мүмкүнчүлүгү чектелгендер болсо биздин такси кызматында жеңилдетилген шарттарда иштесе болот”, - деди Г. Казакунова. Таксини күнү-түнү - 192 телефону аркылуу чакырса болот. (ES)

XS
SM
MD
LG