Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Саясий куугунтук эми Иса Өмүркуловго жетти


Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, ЖК депутаты, БЭКтин мүчөсү Иса Өмүркуловго Башкы прокуратура тарабынан “кызмат абалынан пайдаланган” деген берене менен кылмыш иши козголуп жатканы маалым болду. Бул тууралуу фракциянын лидери Бакыт Бешимов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда буга байланыштуу кечээ партиянын штабы жыйынга чогулуп, партиялашын коргоп алуу боюнча маселени талкууга алган. “Бийлик өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, оппозициянын башындагы чөптү көрөт. Коррупционерлердин өздөрү бийликти сындагандарга кылмыш ишин козгоп атат. Эмне үчүн анда өлкөнү энергетикалык кризиске алып келген адамдарды, коррупцияны күчөткөндөрдү жоопко тартпайт, кыргыздын жерин, мүлкүн саткандар тайраңдап бүгүн бийликте отурат?” деген Бакыт Бешимов бул бийлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясий куугунтук, деп баалады.
Башкы прокуратура азырынча бул маалымат боюнча өз пикирин билдире элек. Иса Өмүркулов мурда “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын жетектеп иштеген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG