Кыргызстан тышкы иштер министрлигинин маалымдоосуна караганда, Голландиянын Гаага шаарында Ооганстан боюнча бүгүн ачылган конференцияга тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев катышууда. Бул үчүн ал 30-мартта Голландияга жөнөп кеткен. Министрликтин маалыматы боюнча Ооганстан боюнча конференцияга 70 өлкөнүн тышкы иштер министрлери, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун, ооган президенти Хамид Карзай катышууда.(AiT)