Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:29

КООМДУК ПАРЛАМЕНТ: БИЙЛИКТИ ӨЗГӨРТҮҮ ҮЧҮН БИРИГҮҮ, БИР ЛИДЕРДИ ТАНДОО КЕРЕК


Кечээ (15-сентябрь) “Акыйкат үчүн” кыймылынын алдындагы Коомдук парламенттин кезектеги жыйыны болду. Анда өлкөдөгү социалдык-экономикалык саясий кырдаал, өлкөнү өнүктүрүү концепциясынын долбоору талкууланып, анын негизинде резолюция кабыл алынды. Отурумга коомдук парламент мүчөлөрү дээрлик толугу менен катышты. Алардан тышкары Социал-демократтар партиясы, Демократиялык Бириккен Союз, Бирдиктүү Кыргызстан өңдүү ылымсанаш кыймылдардын өкүлдөрү, Топчубек Тургуналиев, Алманбет Матубраимов баштаган бир катар коомдук, саясий ишмерлер келишти.

Экс-спикер Абдыганы Эркебаев баштаган Коомдук парламент бул отурумда энергетикалык кризистин себептерин иликтөө боюнча коомдук комиссия түздү. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов баштаган топ сунуш кылган Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча жаңы Концепцияны жактырды жана бул концепция элдик курултайдын күн тартибине кирмей болду.

Ошондой эле отурум кеңейтилген коалиция түзүү аракеттерин күчөтүү чечимин кабыл алды. Эң башкысы коомдук парламент өлкөдө системалык кризис, үй-бүлөлүк башкаруу, коррупция, мыйзамсыздык орун алды, кылмыштуулук мамлекеттик башкаруу менен аралашып, сот менен тартип коргоо тармагы саясатташып кетти деген бүтүм чыгарды.

Мындай жашоого болбой калды деп эсептеген саясатчылар дээрлик азыркы бийликтин саясатын жактабаган алдыңкы күчтөрдү биригүүгө чакырышты. Коомдук-саясий ишмер, март ыңкылабынын күжүрмөн катышуучусу Топчубек Тургуналиевдин билдиргенине караганда, эл президент Курманбек Бакиевдин саясатын март ыңкылабынан кийин 90 пайыз колдосо, азыр колдогондордун саны 20-30 пайызды араң түзүп калды.

Ошондуктан, Тургуналиев оппозиция президенттик шайлоону күтүп отурбай эмитен биригип, президенттикке талапкер боло турган лидерин аныкташы керек деп эсептейт:

-Оппозициялык, элим журтум деген таза күчтөрдү бириктирүү, плюс алдыга мыктылардын эң мыктысын алып чыгуу, демек, эртеңки президенттикке талапкер катары алып чыгуу керек. Элдин баары күтүп атат. Кана кимиңер алдыга чыгасыңар?

Кыргызстанды башкарууну түп тамырынан бери өзгөртүү үчүн биригүү, бир лидерди тандоо тууралуу коомдук парламент отурумунда кенен-кесири сөз болгону менен, бул маселелер акырына чейин ачылган жок. “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов азыркы оппозициячыл саясатчылар жеке керт башы үчүн эмес, коомду өзгөртүү үчүн мыйзам чегинде иштеши керектигин жана ага азыркы биригип жаткан оппозициянын кубаты жетээрин айтты:

-Бул жерде отургандардын ар бири кандайдыр бир топту чогултуп, мыйзамсыз жол аркылуу сокку ура алат. Бирок ал эмне берет? Ал үй бүлөлүк-кландык, авторитардык системаны ого бетер бекемдеп салат.

Жекшенкуловдон айырмаланып Алманбет Матубраимов системаны өзгөртүүнүн үч эле өңүтү бар дейт:

-Маселе үчөө эле. Бийликке өзгөртүш керек деп расмий сунушташ керек. Болбойбу, коомду чогултуп айтыш керек. Болбосо күч менен өзгөртүү керек. Башка маселе жок.

Бул өңдүү билдирүүлөрдү президент Курманбек Бакиевдин бийлигин жактаган саясатчылар оппозициянын упай топтоо аргасы катары сындап жүрүшөт. Алардын бири, “Ак жол” партиясынын парламенттеги фракциясынын төрага орун басары Ажыбай Калмаматовдун “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдиргенине караганда, мындай аракеттерге президенттин партиясы теңелгиси келбейт:

-Элибиздин бүйүрүн популисттик бир, дүрбөлөң саясат менен кызытып, козгоп, арзан бир ары жок упай топтоодон “Ак жол” фракциясынын депутаттары алыспыз.

Ошол эле мезгилде “Акыйкат үчүн” кыймылы президент Курманбек Бакиев башында турган азыркы бийликтин системасын өзгөртүп, жетик, билимдүү, маданиятуу, демократиялык баалуулуктарга артыкчылык берген коом түзүү башкы максат экенин бул отурумда дагы бир ирет баса белгиледи.

Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев баштаган саясий лидерлер мамлекеттик туруктуу саясат, тең салмактуу бийлик орнотуу, бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин арттыруу, оппозицияга квота берүү, парламенттик башкарууга баруу оппозиция ишке ашыра турган эң башкы маселелердин бири деп эсептешти:

- Кудай кааласа, бир айга чейин бир пикирге келип, өзүбүздүн принцибибизди кыргызстандыктарга курултай аркылуу сунушташыбыз керек.

Оппозиция октябрдын этегинде курултай өткөрүп, анда элге күчтүү программа менен чыгуу ниетин билдирип жатат, бирок тигил же бул лидердин атын атоого азырынча батына элек. Саясатчылардын кыйла бөлүгү оппозицияны тигил же бул саясий уюмдун эмес, бир лидердин алдында биригүүнүү туура көрүшсө, экинчи бөлүгү үчүнчү ирээт жеке бир адамдын авторитардык башкаруу туткунунда калуудан чочулашууда. Оппозиция курултайдын күн тартибин келерки айдын башында коомдук парламентте дагы бир ирээт талкуулап туруп бекитчүдөй.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG