Кечээ кечке жуук Кыргыз өкмөтү аталган курал-жарактар менен америкалык адистер Кыргызстандын Коопсуздук кызматынын чакыруусу менен, терроризмге каршы күрөш багытында биргелешкен аскерий окууга катышуу үчүн келишкендигин билдирди.
Буга чейин ушундай эле көз караштагы билдирүү АКШ элчилиги тарабынан да жасалган болчу:
- Бу аскер кызматкерлери кыргыз өкмөтүнүн чакыруусу менен Кыргызстандын министрлигинин террорчулукка каршы күрөшүү боюнча машыгуу өткөргөнү келишкен. Алардын жанынан табылган куралдардын баары машыгууда пайдаланууга деп алынып келинген. Аларга тийиштүү бийлик тарабынан уруксат берилген. Үй менен куралдар кыргыз бийлигинин коргоосунда турган, - деп билдирген аты жашыруун калууну каалаган АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери.
Кечээ кечке жуук Ички иштер министрлиги тарабынан куралдардын кармалышынын себебин Премьер-министрдин маалымат катчысы Айбек Султангазиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда минтип түшүндүрдү:
- Аскерий адистер киргенде, кээ бир мыйзам талаптары аткарылбай калыптыр. Кыргызстан тараптан кээ бир процедуралык талаптар аткарылбай калып, ушундай окуя чыгып кеткен.
Айбек Султангазиевдин айтымында мындай тыянакты АКШ менен Кыргызстандын тиешелүү расмий өкүлдөрү жолугушуп, жарыяланган фактынын себептерин иликтегенден кийин чыгарышты жана мурдатан пландалган аскерий окууну улантууну чечишти.
Ошол эле мезгилде бир катар талдоочулар куралдарга байланышкан бул окуяны Кыргызстан тарабынан жасалган осолдук дешип, бул эки мамлекет ортосундагы кызматташтыкка тескери таасир этиши мүмкүн деп болжошту.
Кыргыз өкмөтүнүн басма өкүлү Айбек Султангазиев мындай көз караштарды колдогон жок:
- Жок, жок, таасир этпейт. Мындай окуялар Орусияда деле болгон, Америкада деле болгон. Бул катуу таасир этпейт.
Ал эми өзүн бейдарек калууну каалаган кызматкердин айтымында, Ички иштер министрлиги менен Коопсуздук кызматынын ортосундагы ич ара түшүнүшүүнүн жоктугу ушундай оңтойсуз жагдайга кирептер кылды.
Кошумчалап койчу жагы – кечээ президент Курманбек Бакиев Кыргызстанда иш сапарда жүргөн АКШ сенаторлор тобун кабыл алды. Алар кыргыз-америкалык кызматташтыктын учурдагы деңгээлине дурус баасын беришти.