Президент Курманбек Бакиев Алмазбек Атамбаевди кетирүү жөнүндөгү жардыгын өкмөттүн толук курамынын катышуусундагы жыйында жарыялады. Президент премьер-министрди кызматтан кетирүү себебин милдетин өтөп бүткөндүгү менен түшүндүрдү:
- Алмазбек Атамбаев ишин аяктап жатышы түшүнүктүү эле. Мен эсимде, ал ишке киришип жатканда эки маселени чечүү ою барын айткан. Конституциялык реформаны аягына чыгаруу жана экономиканы ыраатка салуу. Бул милдеттерди аткарды.
Бакиев белгилеген эки милдеттин экономикалык өңүтүндө ириде Атамбаевдин өкмөт башчылык ишмердүүлүгүндөгү башкы жетишкендик катары талаштан башы арылбай келаткан «Кумтөр» алтын кенине байланыштуу түзүлгөн жаңы макулдашуу айтылып жүрөт. Бирок өткөн Жогорку Кеңеш Кыргызстандын кызыкчылыгы корголбой калган деп эсептеп, макулдашуунун ишке киришине макулдук бербей койгон.
Атамбаевдин Конституциялык реформа жаатындагы аракети да толук аягына чыкпай калды. Премьер-министрдин жетегинде иштелип чыккан Баш мыйзамга өзгөртүү, түзөтүү киргизүү жөнүндөгү долбоорго парламент да, Конституциялык сот да бир тыянакка келбей, унчукпай кутулушту. Муну талдоочулар президенттин саясий курч кырдаалды жоошутуу максатындагы эле айласы болчу, долбоор ошон үчүн келечексиз болуп калды деп жүрүшөт.
Апрель окуясынан кийин оппозициялык лидер катары бийликке келген Алмазбек Атамбаев өзү дымак кылган өкмөттүн 40 пайызын өз санаалаштарынан толтуруу аракети да толук ишке ашкан жок. Ноябрь митингисинен бери санаалаш жүргөн «Реформа үчүн» кыймылынын бир топ таасирдүү мүчөлөрү азыркы системалык кризистен бир киши чыгара албайт дешип, сунушталган бийлик орундарынан баш тартышкан. Натыйжада президент жаздан бери күтүлгөн биринчи вице-премьердин милдетин Атамбаев кетердин алдында Искендер Айдаралиевге тапшырып, дароо премьер-министрдин милдетин да аткартып койду.
Атамбаевдин парламенттик шайлоо босогодо турган кыйчалыш мезгилде кетирилишин бир топ талдоочулар парламенттик шайлоо тыянактарына таасир этүү укугунан аны ажыратуу максаты менен байланыштырышууда. Анын үстүнө азыркы саясий кырдаалды апрель окуясынан кийинки кез менен салыштырып болбойт, Бакиев Атамбаевдин колдоосу болбосо деле саясий күчтөргө такоор бергидей упай топтоп алды дегендер да бар. СДПнын жооптуу катчысы Эдил Байсалов партия лидеринин кетишине анын ачык позициясы түрткү болду дейт:
- Курманбек Салиевич шайлоого даярдык өтө эле аша чапкандык менен баратат. Бир партияга бийликтин бүт бардыгы иштеп атат. Бул туура эмес. Мунун бардыгы абдан чоң жаңжал менен аякташы мүмкүн деп бир канча жолу айткан. Мунун бардыгы Бакиевге да жаккан жок. Бийликке да жаккан жок.
Анткен менен, президент Курманбек Бакиев Атамбаевге «Данакер» орденин берип, жылуу-жумшак узатып койду:
- Ал күн санап, ай санап тажрыйба топтоду. Кесиптештеринен даанышмандыкка, жоопкерчиликке үйрөндү. Туура жети айдан кийин биз башка адамга ээ болдук десем жаңылышпайм. Бул мөөнөттө олуттуу мамлекеттик ишмер жаралды. Мында эч кандай аша чабуу жок.
Президенттин мындай көз карашын жыйында сүйлөгөн сөзүндө Атамбаев өзү да кубаттады:
- Чындыгында эле албетте, сегиз айлык иш маалында, Курманбек Салиевич айткандай абдан өзгөрдүм. Бул чындык.
Президенттин жардыгына, жыйындагы сөзүнө караганда, Атамбаев мамлекеттик кызматка эс алуудан кийин кайра кайтып келчүдөй. Бирок парламенттик шайлоодон кийин СДП лидерине кайрадан өкмөт башчылык эле эмес, кандайдыр бир бийик кызмат сунушталарына ишенгендер аз. Шайлоого бараткан СДПнын тизмесиндегилер Атамбаев эми үгүт иштерине батыл киришет деген үмүттө турушат. Алмаз Атамбаев өзү болсо кызматтан түшүшүнө, мындан аркы ишмердүүлүгүнө байланыштуу коомчулукка өз оюн айта элек.