Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:35

Тогуз айда кыргызстандыктар 47 миллиард сом чакан насыя алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитеттин эсебинде, Кыргызстанда 2024-жылдын январь-сентябрь айларында (тогуз айда) чакан кредиттик компаниялар 918 миңден ашык адамга 47 миллиард сом насыя берди. Насыя алгандар өткөн жылдын тогуз айына салыштырганда 1,7 эсеге, ал эми берилген насыя 28,4% көбөйдү.

Эң көп кредит алгандар Бишкек шаарында - 26% жакын. Андан кийин Ош облусунун тургундары 16%, Жалал-Абадда 14% жана Чүйдө 13,5%. Алынган насыянын көп бөлүгү же 53% жакыны турмуштук муктаждыктарга сарпталган. Айыл чарба иштерине 20%, соода-сатыкка 12% жакыны, 5% курулушка жумшалган.

Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматка ылайык, өлкөдө 533 микрофинансылык уюмдар жана алардын жүздөй филиалдары катталган. Анын ичинен, активдүү иштеп, төлөмдөрүн төгүп тургандары 111 компания.

Микрокредиттик компаниялар банктарга салыштырмалуу азыраак суммадагы насыяларды бергендиктен, талап кылган документтери да аз, берүү шарттары да жеңилирээк болот. А бирок, иш жүзүндө пайыздык чендери банктардыкына караганда 1,5 эседен 3,7 эсеге чейин көптүк кылган учурлар бар. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG