Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:22

БИЙЛИК 19-АПРЕЛДИН ӨЧҮН ЖӨНӨКӨЙ ЖАРАНДАРДАН АЛЫП ЖАТАБЫ?


Биринчи май райондук соту 19-апрель окуясы боюнча дагы эки адамды сот жообуна тартуу алдында турат. Бүгүнкү сот отурумунда массалык баш аламандыкка катышты деп айып тагылган Амантай Сейталиев менен Жылдызбек Кенжебаевге үч жылдан сегиз жылга чейин жаза чектөөнү прокурор судьяга сунуш кылды. Айыпталуучулар өз күнөөлөрүн толук моюнга алышты. Укук коргоочулар болсо саясатчылардын кармашы караламан калктын башына муш болуп жатканын белгилешүүдө.

Массалык баш аламандык болду деген негиз менен козголгон кылмыш ишинин чегинде айып тагылган бул эки жарандын ишин кароону Биринчи май райондук соту сентябрда баштаган. Мурдагы соттордон айырмаланып Амантай Сейталиев менен Жылдызбек Кенжебаевге байланышкан соттук териштирүү кыска мөөнөттө аяктаганы турат. Буга айыпталып жаткан жарандардын тагылган күнөөлөрдү толук мойнуна алышы түрткү болууда. Ага жараша күбө катары катталган 72 адамдын сотко келиши милдеттүү деп эсептелген жок. Болгону бир гана күбө келип көрсөтмө берди. Бул тууралуу алардын адвокаты Мадина Ниязова «Азаттыкка» билдирди.
Соттун 16-октябрдагы отурумунда мамлекеттик айыптоочу Кылмыш Кодексинин 233-беренесинин экинчи бөлүмүнө ылайык үч жылдан сегиз жылга чейин жаза чектөөнү соттон сурады. Биринчи май райондук прокуратуранын прокурору Ишенбек Алымсейитовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, соттолуп жаткандардын саясий кызыкчылыктары жок, сүрмө топ менен тополоңго кирип кетишкен:

- Саясий жагына булардын тиешеси жок. Өздөрү айтат: эч кандай деле бизге үгүттөө болгон жок, кээ бири акча берди деп чыгышпады беле убагында, андай жок. Булар тааныштары менен арак ичип жатып эле анан кирип кетишкен.

Адвокат өз кезегинде жазаны жумшартууну сунуштады. Маселен, 19-апрелде массалык баш аламандыкка катышып, ички иштер министри Болотбек Ногойбаевдин колунан үн күчөткүчтү тартып алуу аракетин жасады деп айыпталып жаткан Сейталиевди шарттуу жазалоону суранды:

- Массалык баш аламандыкты баштоо максатын көздөгөн эмес. Милиция кызматкерлери менен жөнөкөй жарандардын ортосунда кагылышууну болтурбоо максатында үн күчөткүч аркылуу түшүндүрүү аракетин жасаган. Бирок, ушул себеп болуп, кагылышуу болгон. Сейталиев күнөөсүн толук мойнуна алды. Жасаганын чын жүрөктөн мойнуна алганын эске алып, шарттуу жаза чектөөнү сурайм.

Үй-бүлөсү, бир кызы бар Сейталиевден айырмаланып, Кенжебаев майыптыгы бар атасы менен жашайт, энеси жок. Тентектик кылды деп мурда шарттуу жаза алган. Адвокат айыпталуучунун жаштыгын жана шартын эске алып, гумандуулук көрсөтүүнү суранды. Сот чечимин ушул жуманын этегинде чыгарууну болжоду.

Апрель митингдеринин учурунда массалык башаламандыкка катышты деп буга чейин сот Абдиев менен Акназаровге күчөтүлгөн тартипте жаза чектеген. 19-апрелде оппозиция эч кандай нааразылык акциясын уюштурган эмес деген көз караштан тайбаган Бириккен фронттун лидерлеринин бири Эмил Алиев бийлик өз катасын жөнөкөй адамдарды жоопко тартуу аркылуу оңдоо аракетин жасап жатат дейт:

- Бийлик бир нерсени түшүнүп атат: бул жасалма козголгон иш болчу. Бир эле максат ошол кезде – митингди таратыш керек болчу. Эми ошол ишти жабалы деп атат. Кантип жабат? Мына жанагындай балдарды күнөөлөп коюп туруп, көрсө кокустан келген балдардан кетип калган экен деп, соңунан митингди уюштурган кишилерде күнөө жок деп аларды кое берет.

19-апрелде массалык баш аламандыкты уюштурду деген айып ири алды Феликс Куловго, Өмүрбек Субаналиевге, Өмүрбек Абдыракмановго жана Адилет Айтикеевге тагылып, алардын иши кийинчерээк убактылуу токтотулуп, аталган саясатчылардын ичинен Өмүрбек Субаналиев президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнө башчы болуп дайындалган.

Президенттин карамагындагы укук коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун апрель окуясы боюнча кылмыш ишинин козголушу адам укуктарына олуттуу доо кетирди, административдик жаза менен чектелүү туура болмок дейт. Анын баамында, жөнөкөй жарандар саясий оюндун курмандыгына чалынып отурушат:

- Жөнөкөй адамдар курмандыкка чалынып атат. Ушундай кезде Субаналиев эмне унчукпай отурат Акүйдө? Ошолордун аркасы менен болду да. Кулов эмне үчүн унчукпайт. Алардын бардыгы кызматта жүрүшөт, башка жакта жүрүшөт. Мына өздөрүнүн кишилерин салып коюшту да, кызматка келип отуруп алышты.

Турсунбек Акун ошондой эле апрель окуясын жөнөкөй эл сабак кылышын каалайт. Укук коргоочунун оюнда караламан калк өзүнүн саясий укуктарын талашардан мурда саясий сабатын жакшыртуу керектигин апрель окуясы далилдеп берди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG