Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

АЛИКБЕК ЖЕКШЕНКУЛОВ: ШАНХАЙ УЮМУ МЕНЕН АКШнын ОРТОСУНДА КАРА МЫШЫК ӨТӨ ЭЛЕК


Маектешкен Төрөкул Дооров Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкекте өтчү саммитине бир топ мамлекеттердин өкүлдөрү менен катар Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад да келет. Бул окуяны байкоочулар Иран президенти Шанхай уюмунан колдоо сурап келатат, ал түгүл Иран ШКУга кабыл алынып калышы ажеп эмес деп жоруп жатышат. Бул маселени ушул тапта Батыш менен Иран ортосунда болуп жаткан тирешүүнүн алкагында кароо туура болчудай. Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов «Азаттыктын» таңкы уктурууларына чыгып сүйлөгөн сөзүндө Иран Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө боло албайт, байкоочу бойдон кала берет деп билдирди. Анткени, ШКУнун бир дагы мүчөсү АКШ менен мамилесин бузгусу келбейт. Ошол себептүү ШКУ менен АКШнын ортосунда «кара мышык өтүп кеткендей» демилгелер боло элек. Экинчиден, ШКУга мүчө болуп өтүүнүн эреже-шарттары да тактала элек.

- Албетте, Бишкек саммитине бир эле Иран эмес башка бир топ мамлекеттер да байкоочу катары катышаары күтүлүп жатат. Бирок алардын катарында Ирандын да бар экени бир топ суроолорду пайда кылууда. Мисалы, Иранды АКШ улам изоляцияга алууга чакырып жаткан кезде аны бул уюмга кошуп алуу АКШ менен Кыргызстандын алакаларына коркунуч келтирбейби деген суроолор айтылып жатат. Сиз кандай ойлойсуз?

- Бул маселе өзүңөр билесиздер былтыр Шанхайда дагы көтөрүлгөн. Ахмадинежад жаңы президент болуп шайлангандан кийин биринчи жолу Шанхайда 2006-жылы катышпады беле. Менин оюмча бул жерде эч нерсе болбойт. Анткени, жалаң Кыргызстан эмес ШКУнун мүчөлөрү дагы бул саммитке даярданып атканда дипломатиялык каналдар менен ар бир мамлекеттин позициясын, ар бир мамлекеттин көтөрүп жаткан маселелерин карайт эмеспи. Бүгүнкү күндө андай чоң демилге, же АКШ менен ШКУнун мүчөлөрүнүн арасында кара мышык кеткендей демилгелер жок.

ШКУнун мүчөлөрү дагы Иран менен Американын ортосундагы мамилени жакшы түшүнөт. Ошон үчүн мен ойлойм бүгүнкү күндө Иран байкоочу катарында кала берет, бирок мүчө боло албайт. Анткени биринчиден, мүчө болуунун шарттары дагы тактала элек, регламентти бир жылдан ашты иштеп атышат, бирок ШКУнун мүчөлөрү кайсы мамлекет кандай шарттарда мүчө болот деген бир пикирге келе элек.

Ахмадинеджаддын Кыргызстанга келиши бул Ирандын президентинин Иран үчүн гана оюн пропаганда кылуу болот, чоң таасир эте албайт.

- Карап көрсөк, бир эле Иран жөнүндө эмес, бул уюмга мүчө ири мамлекеттерlин катарынlа АКШга, Евробиримдикке карама-каршы ойлорду билдирип жаткандар бар. Ошол эле Орусияны, ошол эле Кытайды алсак. Мисалы алар Ирандын өзөктүк программасы боюнча ООНдун Коопсуздук Кеңешинде резолюцияларга вето салышкан. Андан сырткары азыр Косовонун статусу боюнча да ойлору кайчылаш болуп турат. Ушул мааниден алып караганда, эми бул уюмга Ирандын да кошулушу азыркы статусунда Шанхай уюму барган сайын антиамерикалык болуп баратат дегенди түшүндүрөбү?

- Жок, дүйнө жүзүндөгү геосаясий абалды барыбыз эле жакшы түшүнөбүз. Американын бүгүнкү күндө өзгөчө коопсуздук, терроризм, экстремизм маселелери боюнча ролу абдан чоң. Ошон үчүн ШКУнун өзүнүн саясаты бар, бирок Американын саясатын да жакшы түшүнөт, бир дагы ШКУнун мүчөсү Америка менен мамилесин бузгусу келбейт. Ошон үчүн бул жерде менин оюмча эч кандай проблема болбойт.

- Кыргызстан жаңы тарыхында мындай жогорку деңгээлде алгачкы ирет саммит уюштуруп жатпайбы. Анын кандай өтүшү биринчи кезекте өлкөнүн дипломатиялык алакаларын аныктаган тышкы иштер министрлигине да чоң сыноо болсо керек. Бул жаатта кандай деп ойлойсуз?

- Ооба, чоң сыноо. Cаммитте негизинен эки чоң документ кабыл алынат. Көп мөөнөттөгү кызматташуу боюнча келишим, экинчиси - Бишкек декларациясы. Эки документти тең мен тышкы иштер министрлери Бишкекке чогулгандан кийин изилдеп чыктым. Негизинен документтер даяр, жакшы документ болуптур. Ушу ШКУнун өнүгүшүнө дагы чоң кадам болот го деп ойлойм. Эң негизгиси протокол менен коопсуздук маселелери чечилсе эле, буюрса ШКУнун саммити ойдогудай өтөт деген ойдомун.

- Маегиңизге ырахмат.


Маектешкен Төрөкул Дооров, Прага

Тектеш

XS
SM
MD
LG