Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

10:05 УКМКнын камагындагы Жыпаргүл Арыкова Онкологиялык борбордун каттоосунда турат


Ал ар бир үч айда дарыланышы керек. Акыркы жолу 27-майда догдурлардын көзөмөлүнөн өтүп, керектүү дары-дармектерин алып дарылануусун жаңы баштаганда камакка алынган. Убагында дарыланбаганы жүрөгүнө таасир этип, күндөн күнгө абалы начарлоодо, деп билдирди Арыкованын адвокаты Айжан Касымалиева “Азаттыкка”. 19-июнда Жыпаргүл Арыкова улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан кармалып, ага Кылмыш кодексинин 292-беренеси (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча иш козголгон. Ал учурда аталган комитеттин убактылуу кармоочу жайында камакта отурат. (AJ)

XS
SM
MD
LG