Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

"КАМБАРАТАНЫН" ТАГДЫРЫН ЧЕЧИП ЖАТКАНДА ПАРЛАМЕНТТЕ КВОРУМ БОЛГОН ЭМЕСПИ?


Жогорку Кеңеш июнь айында кабыл алган Камбарата ГЭСтерин мамлекеттик башкаруудан чыгаруу жөнүндөгү мыйзамы учурда президенттин кароосунда турат. Жогорку Кеңештин «Ак шумкар» фракциясы бул мыйзам добуштарды бурмалоо жолу менен кабыл алынды деп маселе коюп, президентти ага кол койбоого чакырууда.

Мыйзамды коргогон депутаттар парламенттин бул кадамы он беш жылдан бери курулбай келаткан Камбарата ГЭСтеринин курулушуна жол ачты деп, анын Кыргызстандын экономикасына омоктуу салым боло тургандыгын белгилеп жатышат. Мыйзам кабыл алуу учурунда парламентте болгон президент Курманбек Бакиев парламентке дароо ыраазычылыгын билдирген:

- Мен ыраазымын, ушуну түшүнүп, туура түшүнүп колдоп бергениңер үчүн. Себеби, мамлекет башчысы катары менин жоопкерчилигим сиздердикинен кем эмес. Муну мен да жакшы түшүнөм. Ошондуктан, биз эч качан өзүбүздүн байлыгыбызды энергетика, суу байлыгыбызды бирөөгө берип коюп эле көз каранды болуп калбайбыз. Биз ага жол бербейбиз.

Анткен менен саясатчылардын бир даары Камбарата ГЭСтеринин менчиктештирүүгө жол ачкан бул мыйзамдын артында экономикалык эмес, ириде саясий кызыкчылык бар деп жатышат. Мындай көз карашты сап кармаган оппозициячыл саясатчылардын бири Мукар Чолпонбаев, маселен, азыркы бийлик Кыргызстандын суу байлыгы Кумтөр алтын кенинин кейпин кийип калабы деген чочулоосун билдирди.

Мындай көз караштарды мыйзамдын тарапкери Камчыбек Ташиев мамлекеттин өнүгүүсүн каалабаган саясатчылар катары сынга алып жүрөт.

Парламенттеги оппозициячыл салмактуу фракциялардын бири саналган «Ак шумкардын» он депутаты мыйзамды өткөрүп кетүү үчүн одоно мыйзам бузууларга барды деп дароо билдирүү жасашты. Фракция мүчөсү Султан Урманаевдин айтымында, добуш берүүдө прламент отурумунда жок депутаттар үчүн да мыйзамды колдогон добуштар берилди:

- Камбарата 1, Камбарата 2 ГЭСтерин кабыл алганда үч депутат сессияга катышкан эмес. Бирөө гезит аркылуу интервью берди. Бирөө - Салымбеков Аскар азыркыга чейин Кытайда жүрөт. 51 адам сессияга катышты деп. Чындыгында 48 адам болгон.
Колдоп добуш берген катары саналган фракция мүчөсү, депутат Кабай Карабеков муну дароо төгүндөп чыккан болчу.


Эми бул маселенин чоо-жайын түшүндүргөн катты он депутаттан куралган фракция президенттин дарегине даярдап жатат:

- Парламентте кворум болгон эмес. Биз ошого басым жасап, президентке кат жолдогонбуз, бул мыйзам регламент бузулуп кабыл алынды деп, ал мыйзамга кол койбосун өтүнгөнбүз. Кол топтолуп бүтсө эле катты президентке жөнөтөбүз.

Депутат Султан Урманаевдин билдиргенине караганда, президент мыйзамга кол койгон шартта депутаттар тобу Конституциялык Сотко кайрылышы мүмкүн.

Камбарата ГЭСинин таламын талашкан депутаттардын бири Ахматбек Келдибеков тескерисинче, парламенттеги добуш берүүдөн репортаж жазган «Агым» гезитин сотко берип, 30 миллион сом доо өндүрүүнү максат кылууда. Ошентип, Камбарата ГЭСтерин менчиктештирүүгө жол ачкан жаңы мыйзам саясий чөйрөнүн назарында талаштуу маселенин бири катары кала берүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG