Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

11:46 Эки күндүн ичинде эки жүздөн ашуун айдоочу мас абалында кармалган


ШАИсы тарабынан өткөрүлгөн “Машине айдагандар” деп аталган рейддин жүрүшүндө 214 айдоочунун документи болбогондугу аныкталып, тогуз жүзгө жакыны катуу ылдамдык менен бара жатканда кармалган. Милициянын маалыматы боюнча, эки күндүн ичинде жол эрежесин бир жарым миңден ашуун айдоочу бузган. “Көпчүлүк айдоочулар жол эрежесин карабайт. Кымбат баалуу машинелердин айдоочулары инспекторлордун талабын аткарбайт, кээде аларды коркутуп-үркүткөн окуялар дагы кездешет”,-деп айтылат ИИМнин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө. (ZMa)

XS
SM
MD
LG