«Агым» гезитине байланыштуу дүйшөмбү күнкү парламент отурумунда депутат Акматбек Келдибеков менен кошо депутат Камчыбек Ташиев да ачууланган билдирүү жасады. «Агым» гезити биринчи бетине «Жыйганчакты эсиңди, «жым-жым» кылдык ГЭСиңди» деген аталышта коллаж басып, анда башкы каармандар катары президент Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов жана депутаттар Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевдин сүрөттөрү берилген. Ушул эле санына гезит Камбарата ГЭСтеринин макамы жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган 19-июндагы парламент отурумунан «Камбарата сатылды» деген аталышта кеңири баяндама жарыялаган. Депутат Акматбек Келдибеков бул макала жана коллаж аркылуу бир-эки депутаттын эле эмес, бүтүндөй эл ишенген мамлекеттик ишмерлердин аброюна доо кетирди деп эсептейт:
- Бир гана меникине эмес, ушул жердеги депутаттардын дагы намысына тийип атат да. Анан кийин депутатты, майли, карикатура кылгандан кийин президенттен баштайт, депутат… бул деген элдин өкүлдөрүн карикатура кылып чыгарганга ким укук берди ага?
Акматбек Келдибековдун көз карашында, азыркы көз карандысыз маалымат каражаттары өзүнө окурмандардын көңүлүн буруу максатында текшерилбеген чуулгандуу маалыматтарды жарыялоону салтка айландырып алышты. Журналисттин чөнтөгүнө күч келтирмейинче, мындай көрүнүштөргө чек коюу мүмкүн эмес дейт депутат:
- Бул 20 миллион деген сумма эмес. Керек болсо андан көп коюш керек. Себеп дегенде чөнтөгүнө зыян келгенде гана журналист түшүнөт, ошонун кожоюну түшүнөт.
«Агым» гезитинин мурдагы ээси, Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов «Жаңы ордо», «Энесай» өңдүү бийликчил гезиттердин жазгандарына теңелсе, 20 миллион эмес, 20 миллиард сомго чейин доо коюп, сотко берсе болот деп билдирди парламентте.
Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаевдин көз карашында, ушундай эки жээкке бөлүнгөн саясат маалымат каражаттарын да башкы принциптерден тайдырып, күн карамага айландырып жатат:
- Турмуш бир, болгон окуя бир, бирок ошол бир фактыны айрым журналисттер ошо бир топтун, бир партиянын же бийликтин кызыкчылыгына же өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына карата ар кандай бурмалоолорго жол берип атат.
Ошол эле учурда журналисттерге обу жок доомат кое берүү мамлекеттик кызматкерлерге деле аброй аброй алып келбейт дейт Султанбаев. Мындай көз карашты колдогон Медиа өкүлчүлүктүн директору Илим Карыпбеков депутаттардын «Агым» гезитин сотко берүү аракеттери күлкү келтирет дейт :
- Бул күлкү келтирет. Себеби дегенде биздин депутаттар жана чиновниктер жогорку даражадагы кызматта иштейм дегендер алдын ала билишкен: коомдун көз алдында болуп турушат ар дайым, жалпыга маалымдоо каражаттары булардын жасаган кадамдарын, сүйлөгөн сөздөрүн турган-басканын, баарын чагылдырып турарын. Ошондуктан, сын пикирге абдан көтөрүмдүү келиш керек. Анан ошол сын-пикирге чычалаган бул жогору бийликте турган адамдын терс жагын көрсөтүп жатат.
«Агым» гезитинин журналисттери болсо сотко берүү тууралуу депутаттар тарабынан жасалган билдирүүнү жаңылык катары кабылдашкан жок. Медиа өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, Кыргызстандагы оппозициялык маанайдагы көз карандысыз ири гезит саналган «Агымга» каршы акыркы эки жылда доо арыз бергендердин саны 30дан ашты. Алар коюп жаткан айыптардын жалпы көлөмү, депутат Келдибековдукун кошпогондо 60-70 миллион сомго чапчып барат экен. Кыргызстандагы гезиттердин 10-20 миң сомго чейинки айып пулду көтөргөнгө гана мүмкүнчүлүгү жетет, ошондуктан, 10-20 миллион сом деген көлөмдүү айып пул талап кылуунун өзү чындыкка коошпойт дейт Илим карыпбеков.
Анткен менен, апрель митингдеринин тушунда туура эмес маалымат жарыялады деген аксылык тургундар тобу «Агымдан» 25 миллион сом айып пул доолап жатат. Бул арызды кароого Бишкек райондор аралык соту бүгүн киришти.