Эксперттик деңгээлдеги жумушчу топтордун бул жолку отуруму Тажикстандын борбору - Дүйшөмбү шаарында өтмөкчү. Бул тууралуу «Азаттыкка» сүйлөшүүдөгү кыргыз тобунун башчысы, өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов билдирди. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдө 970 чакырым келген эки өлкө чек ара тилкесинин 460 чакырымдайы такталган. Бирок бул иштер тоо кырлары менен кеткен талаш туудурбаган чек ара тилкесинде гана жүргүзүлгөн. (SM)
7:09 Бүгүн кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны башталат