АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуусу жана кыргыз-орус славян унинверситетинде болоору белгиленген. Өткөн бейшемби күнү Кыргызстанга келген Ричард Баучер буга дейре президент, өкмөт башчы жана тышкы иштер министри менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошондой эле ал жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуп, Борбор Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүлөрүн узатуу каадасына да катышты.(SM)