Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

18:12 Талас облусунда “Жерүй”, “Андаш” кендерин иштетүүгө байланыштуу коомдук угуулар өткөрүлүүдө


Коомдук угуу жыйыны бүгүн Талас районуна караштуу Көкой айылындагы техникалык лицейдин жыйындар залында өттү. Жыйынга кендердин иштешине каршы турган лидерлер катышып, Барскоон окуясы, Кемин районуна караштуу Актүз жана башка Кыргызстандагы кендерди мисал кылышып, алардын элге алып келген зыяндуулугу Таласта кайталанышы мүмкүн деген ойлорун билдиришти. “Жерүй” алтын компаниянын аткаруу директору Жолдош Алымбеков Барскоон окуясында эл цианидден эмес, 30 тоннадан ашуун хлорду агып жаткан сууга төккөндөн кийин ууланышты деп түшүндүрдү. Ал эми Кемин районундагы Актүз кенинде уран бар болгондуктан элге залалы тийгендигин айтып, “Жерүй”, “Андаш” кендеринде андай уулуу газдар жоктугу экологдор, адистер тарабынан изилденгенин билдирди. (UA)

XS
SM
MD
LG