Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

16:12 Президент жана Жогорку Кеңеш Конституциялык сотко өздөрүнүн ишенимдүү өкүлдөрүн дайындашты


Ал өкүлдөр Конституциялык сот “Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун караган учурда президент жана парламент атынан сотко катышат. Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Масалиев бүгүнкү маалымдоосуна караганда, парламент депутат Иса Өмүркуловго Жогорку Кеңештин атынан катышууга ишеним көрсөттү. Ал эми Президент тараптан президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуевге ишеним берилген. Конституциялык соттун судьясы Асылбек Кененсариевдин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Президент жана Жогорку Кеңештин ишенимдүү өкүлдөрү менен макулдашуудан кийин сот “Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кароого киришүүнүн тартибин, мезгилин аныктайт. (AiT)

XS
SM
MD
LG