Бул тууралуу Кыргызстандын ШКУ боюнча улуттук координатору Төлөндү Макеев бүгүн билдирди. Анын айтымында, саммитте Узак мөөнөткө жакшы коңшулаштык, достук жана кызматташтык келишимине жана Бишкек декларациясына кол коюу белгиленүүдө. Саммитке ШКУнун алты мүчөсүнүн лидерлери жана байкоочу өлкөлөр Иран, Индия, Пакистан жана Монголиянын биринчи жетекчилери чакырылды. «Бишкек саммитинде байкоочу өлкөлөрдү ШКУнун мүчөлүгүнө кабыл алуу болбойт. Бирок бул маселенин үстүндө учурда эксперттер иштеп жатат» деп белгиледи Төлөндү Макеев. (AiT)