"Эркин муун" уюму уюштурган талкууга экономика жана каржы министрлигинин тышкы карыздар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эрнест Абдразаков менен “Хипикке каршы” демилгенин өкүлү, “Таза табигат” коомдук бирикменин башчысы Анара Дауталиева катышууда. Алар студенттердин алдында Кыргызстан тышкы карызы чоң жакыр мамлекеттер программасына кирсе эмнеден утуп, эмнеден утулаарын айтып, көз караштарын билдиришүүдө.(EBM)