Премьер-министр Азим Исабеков бүгүн өкмөт үйүндө эл аралык валюта корунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысын кабыл алды. Андан кийин ушул эле күнү өкмөт башчы Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы жетекчилиги менен жолугушмакчы. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, жолугушууларда жаңы премьер-министрге куттуктоо айтылуу менен бирге өз ара кызматташуулар боюнча маселелер да талкууланмакчы. (AiT)