Аэропорттун чегара жана коопсуздук кызматы 22-декабрь күнү паспорттордогу четбаракчалардын мөөрү боюнча шектенип, беш кишини Бишкек-Дубай каттамынан алып калышкан. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Жолборс Жоробеков билдирди. Анын айтуусунда шектенүүгө негиз жок болчу, анткени Мекеге кетип бараткан жарандардын баары четбаракчаны бир жерден жасатышкан. Жорбековдун айтуусунда учурда 4,5 миң киши Мекеге жетишти. (ZKo)