“Реформа үчүн” кыймылы президент Курманбек Бакиев менен сүйлөшүүгө баруу тууралуу чечим кабыл алганын штаб башчысы Өмүрбек Абдрахманов бүгүн билдирди. Анын айтымында, президент менен сүйлөшүүгө кыймылдын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Алмаз Атамбаев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев бара турган болушту. Сүйлөшүү кайсы күнгө белгиленери учурда президенттик администрация тарабынан такталууда. (AJ)