Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

АКШ ИРАНДЫК ИЛИМПОЗ-ИНЖЕНЕРЛЕРДИН ТОБУН КИРГИЗБЕЙ КОЙДУ


Ирандык окумуштуулар жана инженерлердин Кошмо Штаттарга киргизилбей койгонуна ырасмий Тегеран нараазычылык билдирди. Калифорнияда 4- 6-августта өтүүчү конференцияга баратышкан Тегерандын Шариф технологиялык университеттин бүтүрүүчүлөр тобунда визалары болгонуна карабай, алар сурак беришип, бармактарынын изи сүрөткө тартып алынып, артка кайтарылган. АКШда жашаган ирандыктар конокко келаткан аалым-инженерлер Вашингтон-Тегеран арасындагы суук мамиленин курмандыктары болушту деген пикирде. Эки өлкө арасында 1979-жылдан бери дипломаттык байланыш жок болгондуктан, Ирандагы АКШнын кызыкчылыгын Швейцариянын элчилиги коргойт.

Швециядагы америкалык компаниянын кызматкери Бенам Камрани- АКШга киргизилбей койгон ирандык инженер-илимпоздордун бири. Камрани “Фарда” радиосуна Минеаполис аэропортунда көргөн азабы жөнүндө буларды айтты:

-АКШ элчилиги бизди текшерип, виза берген. Билет сатып алган соң АКШга качан барарыбызды чакырган тарапка билдиргенбиз. Биз АКШга келгенде баары ойрон болду. Алар бизди убактылуу кармашып, суракка алышты жана түшүнүксүз суроолорду беришти.

Камрани артка кайра жөнөтүлгөнгө чейин аэропортто 9 саат өткөрсө да, башка өнөктөрүнө караганда өзүн жолдуу деп эсептейт. Себеби, Лос Анжелес жана Сан Франциского учуп келгендерди кылмышкерлер менен чогуу камап коюшкан.
– Алардын колуна зоолу салып, абакка салышкан. Бир аялдын эки кызын түнкүсүн апасынан бөлөк жаткырышкан. Кийинки күнү жооптуу адамдын аялдарга айтышынча, Ирандан келгендер ядролук технология боюнча маалымат алмашышы ыктымал деп, алардын визасы жокко чыгарылган имиш,- Бенам Камрани.

Топтун айрым мүчөлөрүнө жакынкы 10 жылда АКШга киргизилбей турганы эскертилген. Илимий конференциянын уюштуруучулары 50дөн ашуун ирандык артка кайтарылганын тастыкташты.

АКШнын Мамдепартаментинин өкүлү Жейнил Хироминус айым ирандык аалым-илимпоздор тобу эмне себептен өлкөгө киргизилбей коюлганы тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартты:

-Бардык визалар АКШнын Иммиграция жана жарандык мыйзамына ылайык каралды. Виза жөнүндөгү ар бир арыз боюнча өзүнчө чечим кабыл алынды.

Нажмедин Мешкати - Түштүк Калифорния университетинин профессору. Анын айтышынча, АКШда жашаган Шариф университетин бүтүрүүчүлөр ассоциацясы Конгресстин бул окуяны иликтөөсүн талап кылышмакчы. Бийликтер АКШга мыйзамый жол менен келген ирандыктарга осол мамиле жасагандан кийин өлкөдө мыйзамдуу жашагандарды да алдагыдай кемсинтип-кордогондон тартынышпайт го, деп кооптонуп, эмне үчүн Иран өкмөтү жүргүзгөн саясат үчүн анын букаралары жабыркаш керек, дейт профессор.

АКШ 1979-жылкы Ислам ынкылабынан соң Тегерандагы эчиканасы басып алынгандан кийин Иран менен болгон дипломаттык алкасын токтотуп койгон. Ошондон бери АКШнын Ирандагы кызыкчылыгын Швейцариянын элчилиги коргойт.

XS
SM
MD
LG