Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:24

МОСКВА-КЫРГЫЗСТАН: СОЦИАЛДЫК БАГЫТТАГЫ АЛАКАГА ОРЧУН КӨҢҮЛ БУРУЛАТ


Кыргызстан менен Москва кызматташтыгында социалдык багыттагы инвестициялык алакаларга артыкчылык берилет. Кыргызстанга таанышуу сапары менен келген Москва мэри Юрий Лужков өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында ушинтип билдирди. Москва мэри менен өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев, премьер министр Феликс Кулов баштаган мамлекеттик жетекчилер чакан жана кеңири чөйрөдө жолугушуп, кызматташтыктын багыттарын талкуулашты.

Москва мэри таанышуу сапары менен келип жаткандыктан, бул ирет кызматташтыктын тигил же бул багыты боюнча келишим түзүлгөн жок. Премьер министр менен Москва мэри соода-экономикалык, гуманитардык, маданий кызматташтык жөнүндөгү макулдашуунун протоколуна кол коюу менен чектелишти.

Бирок, Юрий Лужковдун ишендиргенине караганда, Москва өкмөтүнүн салттуу гуманитардык, соода кызматташтыгына кошумча Кыргызстан менен инвестициялык багытта кызматташтыкты күчөтүү ниети бар. Мындай пикирин Юрий Лужков журналисттер менен жолугушууда билдирди:

- Биздеги башкы максат – инвестициялык кызматташтык. Биринчи кезекте социалдык инвестициялык тармак, анан туризм саналат.

Лужковдун айтымында моквалык инвесторлор Бишкекте мартабалуу турак үйлөрдү курууга камынып жатышат. Буга даярдыктар башталды:

- Биз долбоорлоону баштадык. Чынын айтыш керек, Бишкектин эки жеринде жер аянты ылайыксыз болуп калды. Бирок, биз өжөр элбиз, ушундай оор учурдан кийин ишибиз натыйжалуу болушу керек.

Мындан тышкары Москвада Бишкек үйү, ал эми Бишкекте Москва Үйү курулганы турат. Иш сапардын учурунда Лужков үй курула турган жерге кол тийгизди.

Москвалык ишкерлер Ысыкөлдүн жээгине да чет өлкөлүк туристтер келип эс алганга ыңгайлуу, мартабалуу жайларды куруп берүүнү убада кылып жатат. Тамчыдагы аба майданынын курулушун аягына чыгарып, аны туристтер каттай турган эл аралык аба майданынын деңгээлине жеткирүүгө да москвалыктар ынтызар экен. Бирок, бул маселелер боюнча убадалар бышып жетти деп эч бир тарап баса белгилеген жок. Тараптардын билдиргендерине караганда, бул маселе Лужковдун иш сапарынан кийин биротоло чечилчүдөй. Москвалыктардын долбоорлорунун ишке ашышына Кыргызстан тарап өзгөчө дилгир болууда. Мындай маанайды премьер министр Феликс Куловдун пикиринен байкоого болот:

- Мындай кызыкчылык болгон шартта биз болжол менен 500 гектар жер бөлүп беребиз. Юрий Михайлович Ысыккөлдө мурда болгон эмес, ошондуктан, биздин максат Ысыккөлдү көрсөтүп, Ысыкөлдүн аймагында Москванын бир аймагын түзүүгө Юрий Михайловичти макулдата алабыз го деп ойлойм. Бул биздин мамилелерди бекемдөө багытында биздин Өлкө үчүн деле, Орусия үчүн деле пайдалуу болот эле.

Президент Курманбек Бакиев Орусия менен Кыргызстан кызматташтыгын тереңдетүүнүн дагы бир өңүтү катары айыл чарба азыктарын сатуу маселесин белгиледи. Президенттин айтымында, Владимир Путин баштаган Орусия Кыргызстандын бардык башаттарын, иштерин колдоп турганын сезип турат. Мындай колдоо аймактык мамилелерде да сезиелт.

Юрий Лужков Бишкектеги расмий жолугушууларга жана маданий чараларга катышкандан кийин, кечке жуук ЫсыккӨлгӨ жӨнӨп кетти.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG