Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:57

БИШКЕК ВАШИНГТОНДОН АСКЕР БАЗАНЫН ИЖАРА АКЫСЫН ДООЛАЙ БАШТАДЫБЫ?


АКШ баштаган антитеррордук коалиция “Манас» аба майданында аскер базасын жайгаштыруунун жаңы шарттарын кабыл алууну создуктура берсе, Кыргызстан биринчи июндан кийин мурдагы келишимди бир тараптуу токтотууга барышы ыктымал. Президент Курманбек Бакиев 19-апрелде улуттук телекөрсөтүү аркылуу ушундай билдирүү жасады.

Президент К. Бакиев америкалык аскер базасынын «Манас» аба майданында жайгашуу шарттары жөнүндө жаңы келишим түзүү создугуп жатканы, Америка өкмөтүнүн так жооп бербей жатышы коомчулуктун тынчсыздануусун жаратууда деп билдирди. Ошондуктан, биринчи июндан кийин кыргыз өкмөтү келишимди бир жактуу токтотууга барышы мүмкүн.

- Эгер сүйлөшүү жараянын аягына чыгарууга 2006-жылдын 1-июнуна чейин кандайдыр бир жагдай мүмкүндүк бербесе, мындай жагдайда 2001-жылдын 4-декабрында кабыл алынган эки тараптуу макулдашуу чегиндеги аракеттерди токтотууну карап көрүү укугу Кыргызстан тарапта калат.

Коомдук саясий ишмерлердин бир даары президенттин билдирүүсүн анын Орусияга жана Шанхай кызматташтык уюмуна жагынуу аракети катары баалашууда. Мурдагы ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев, маселен, муну Бакиевдин Орусияга расмий сапарга барар алдында атайын даярдаган билдирүүсү дейт. Ал эми «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын лидери Эдил Байсаловдун айтымында, президент Бакиев чоң мамлекеттер ортосундагы тең салмактуулукту кармай албай, бул улуттук кызыкчылыкка доо кетирип жатат.

- Бакиевдин туура эмес саясатынан улам Кыргызстан улуу державалардын ортосундагы бир чоң оюнчукка айланды. Биздин тышкы саясат боюнча чечимдерде бул киши Москвага баш ийип берип атат,- деди Эдил Байсалов.

Анткен менен, президент Бакиевдин билдирүүсүн эп көргөн саясатчылар да аз эмес. Алардын бири «Улуу Биримдик» улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери Эмил Каптагаев:

- Менимче Кыргызстан эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча өз милдеттерин аткарып бүттү. Эгер биринчи июнда келишимдин мөөнөтү бүтө турган болсо, анда Америка өз базасын алып кетиши керек.

Эмил Каптагаев бул үчүн Кыргызстандын тышкы саясаты ырааттуу болушу керек деп эсептейт. Бирок, Кеңешбек Дүйшөбаев президенттен андай ырааттуу саясатты күтпөйт:

- Системалуу кадамдарды жасап атат дегенден мен абдан алысмын. Астанага барганда былтыркы билдирүү, андан кийинки Рамсфелд келгендеги билдирүүсү, анан эми бул билдирүүсү… Дегеле логикага жатпай атат.

Шанхай кызматташтык уюму өткөн жайдагы Астанада кабыл алган декларацияда антитеррордук коалицияга таандык Орто Азиядагы базалардын чыгып кетүү мөөнөтүн тактоо тууралуу жобо киргизилген. Астанага сапарында Курманбек Бакиев да америкалык аскер базасынын миссиясы бүтүп бараткандыгы тууралуу айтканы бар. Бирок, кийинчерээк мамлекет башчы америкалык база Ооганстан турукташканга чейин ишин улантаарын белгилеген. Президент буга чейинки сүйлөгөн сөздөрүндө Кыргызстан базанын жайгашуусуна каршы эмес, бирок, ал үчүн жаңы келишим түзүп, анда ижара акысынын эки жүз миллион долларга чейин жетишине кызыкдар экенин айтып келген.

Аскердик базанын Кыргызстанга жайгашуу шарттары жөнүндө жаңы келишим түзүү сунушу менен президент Курманбек Бакиев АКШ өкмөтүнө тогуз ай мурда кайрылган. Бул маселе АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд өткөн жылдын июль айында Кыргызстанга келгенде да талкууланган. Кыргызстанга каттаган америкалык мамлекеттик ишмерлер каражат өлчөмү тууралуу так жооп айтыша элек. АКШ мамлекеттик катчысынын өкүлү Ричард Баучер, маселен, 11-апрелде Бишкекте журналисттерге берген интервьюсунда баа такталып атканын айтуу менен чектелген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG