Эдил өзү мага мындай атактын кереги жок болчу деп билдиргени менен, байкоочулар анын рейтинги саясатчы катары кескин өсүп кеткендигин белгилеп жатышат. Анткени, кырсык дароо эле анын ишмердүүлүгү менен байланыштырылып, саясий себептер менен чечмеленди. Маселен, Социал-демократтар партиясынын лидерлеринин бири, депутат Мелис Эшимканов:
- Бул саясий гана кек алуу, балким коркутуу, балким өлтүрүүгө болгон аракет. Мунун башкы саясатчыларга окшоп ашкан байлыгы деле жок, жеке душмандары деле жок. Менимче бул саясий күрөштүн эле курмандыгы болуп турат.
Эдил Байсалов акыркы мезгилдери президент Курманбек Бакиев баштаган расмий бийликти кескин сынга алып, алардан коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү кескин талап кылган укук коргоочуга айланды. Бирок, муну президентке ыктаган саясатчылардын кыйласы бирөөнүн камчысын чаап жатат деп, катуу сындап жүрүшөт. Алардын бири, «Эркиндик» саясий партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев Эдил Байсаловду жеңил баа болуп кетти дейт:
- Чет өлкөлүк донорлор дагы, саясий күчтөр дагы өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланып атканын сезбей калды окшойт. Же билет. Кантип эле билбей калсын. Мына өкмөт, Кулов бизди эч качан жыйындарына чакырган эмес. Чакырбайт дагы. Байсаловду чакырып атат.
Бирок, Байсалов өзү ушул өңдүү дооматтардын баарын кескин четке кагып, демократиялык баалуулуктар, адам укуктары, мыйзамдуулук үчүн күрөш – башкы максаты экенин айтып жүрөт:
- Бизди бирөө коркутайын, үркүтөйүн, баш тарттырайын деген үмүттө болсо, алар баары жаңылышат. Мына 29-апрелде дагы митинг өткөрүлөт. Керек болсо ага мурдагыдан он эсе көп адам катышат. Биз дагы он эсе бекемирээк турабыз, чечкиндүү чараларды көрөбүз.
Буга чейин 8-апрелде уюшкан кылмыштуулукка каршы уюштурган тынчтык митингине үч миңден беш миңге чейин киши катышып, аны Байсалов мүчө болгон Демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясы колдоп берген. Бул жаңы саясий уюмдун курамында оппозициялык маанайдагы Демократиялык күчтөр биримдиги, Социалисттик Атамекен, социал-демократтар өңдүү бир катар таасирдүү саясий партиялар бар. Бейөкмөт уюмдар лидеринин саясий уюмга мүчө болушун эске алган атаандаштар Байсалов ириде саясатчыбы же укук коргоочубу ушуну аныктап алышы керек дешет. Аны ири саясатчылардын катарына кошкондор да аз эмес. Алардын бири, Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов Байсаловго кол салуунун резонанс жаратышын ушуну менен байланыштырды:
- Албетте, ал белгилүү саясий фигура. Ошондуктан, бул факт резонанс жаратып отурат.
Ал эми коммунисттик партиянын лидери Клара Ажибекова укук коргоочуну АКШ баштаган мамлекеттердин кызыкчылыгына кызмат кылууда деп сындап келатат. Бирок, мындай көз караштарды санаалаштарынын бири, дагы бир укук коргоочу Азиза Абдырасулова колдобойт:
- Эгер Эдил Байсалов чет өлкөлүк уюмдар тарабынан жалданган адам катары карала турган болсо, ошол эле донорлордон грант алган үчүн ошондой пикир пайда болуп аткан болсо анда, президенттен баштап айыл өкмөтүнө чейин чет өлкөгө кызмат кылган адамдар катары каралышы керек. Себеби Кыргызстан жалаң гранттын эсебинен жашап атат. Эгер Эдил Байсалов миңдеген долларларды ала турган болсо, биздин жогорку бийлик миллиондогон долларды алып, эми мына хипикке кирүүгө аргасыз абалга алып келип койду.
Эдил Байсалов жетектеген «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы 170 чамалаш бейөкмөт уюмдардын башын кошуп турат жана ал ЮСАИД программасынын алкагында Улуттук Демократиялык институттан колдоо алат. Бул уюм коомчулукта каршылык көрсөтүүчү кубаттуу жарандык коом катары кабылданат. Ошондуктан, бардык эл аралык укук коргоочу уюмдар, батыш өлкөлөрүнүн чоң саясатчылары Кыргызстанга сапарындагы жарандык коом менен жолугушууларда Эдил Байсаловду көңүл сыртына калтырбайт. Бул уюм шайлоо өнөктүктөрүнө узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүп турат. Акыркы жолу жоон топ байкоочу бул уюмдун атынан Украинадагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзүп келген. Ал жерде алынган тажрыйба Кыргызстандагы 24-март окуясын ишке ашырууда пайдасы тийгенин айтып жүрүшөт.
Бирок, бул уюм 9-апрелде өткөн №69 Балыкчы шайлоо округундагы шайлоого байкоо жүргүзгөн жок. Муну Эдил Байсалов кылмыш жасагандыгынан шектелген Рысбек Акматбаев талапкер болгон шайлоо баары бир мыйзамсыз болот деп негиздеп, эртеби-кечпи анын депутаттыгын сот аркылуу жокко чыгарарын билдирген. Бирок, «Жоомарт» саясий кыймылынын лидери Нурлан Мотуев муну Эдил Байсаловдун катачылыгы катары санайт. Акматбаев кудай алдында да, сот алдында да өзүн актады деп эсептеген Мотуев Байсаловдун кекчилдиги башына кырсык алып келгендигин кыйытты.
Байсалов коалицияга 1999-жылы келип, 2002-жылы президенти болгон. Ага чейин ал Түркияда, Америкада бир жылдык курстардан өткөн, Кыргыз-америка университетин бүтүрүп, Швейцарияда эки жыл иштеген. Ошондон болуу керек, англис тилин кыргыз орус тилдери менен бирдей деңгээлде алып жүрөт. Анын батышчыл катары сынга кабылышынын бир себеби ушуга да байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок, Азиза Абдрасулова аны кыргыздын чыгаан уулу катары санайт:
- Эдил Байсалов кыргыздын патриоту. Жашы отузга чыга элек. Эдил Байсаловду тааныганыма алты жыл болду. Алты жыл ичинде бул жигит аябай өстү. Кыргызстанга келечекте бул жигит чоң өзгөрүүлөрдү алып келет деп үмүт кылам.