Европа Биримдигинин Борбор Азия аймагындагы өкүлү болуп дайындалгандан бери Ян Кубиш Кыргызстанга экинчи ирет иш сапар менен келип отурат. Буга чейин ал август айында өткөн Кыргызстан президенти Курманбек Бакиевдин ант берүү иш чарасына катышып кеткен. Бул жолку сапарында Ян Кубиш мамлекеттик жетекчилер менен жолугушууну Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановдон баштады. Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы 24-март окуясынан кийинки өлкөдөгү өнүгүүнүн абалын, кызматташтыктын багыттарын талкуулашты. Ян Кубиш Конституциялык реформанын жүрүшүнө, сот, тартип коргоо тармактарындагы реформанын жагдайына кызыкты.
Жолугушууга катышкан Жогорку Кеңештин эл аралык байланыш комитетинин төрагасы Карганбек Самаковдун айтымында, талкуунун нугу негизинен өз ара алакаларга бурулду. Кубиш Евробиримдик Кыргызстанга буга чейин иштеп келген ТАСИС программасынан тышкары да колдоо көрсөтүү ниети барын билдирди:
- Ошол ТАСИС программасынын алкагында Кыргызстанга буга чейин 68 миллион евро жардам берилген. Кыргыз парламентинде Кыргызстан менен Евробиримдиктин карым-катышын мындан ары дагы күчөтүү максатында сиздердин кандай сунушуңуздар бар деген гана маселеге токтолду бүгүн.
Евробиримдик Кыргызстан менен өнөктөштүк жөнүндөгү макулдашуунун алкагында кызматташып жаткандыгына он жылдан ашты. Бул аралыкта социалдык-экономикалык багыттагы кызматташтык негизинен ТАСИС программасынын чегинде жүрүүдө.
Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин мурдагы маалыматтарына караганда, биримдиктин алкагында бул өлкө 1992-жылдан бери 182 миллион евро жардам берген. Ал эми өткөн жылдын августунда келерки эки жыл үчүн 20 миллион евро саламаттык сактоо тармагына бөлүү макулдашылган.
Ян Кубиш сапарынын учурунда өз ара алакалар тууралуу президент Курманбек Бакиев, премьер_министр Феликс Кулов менен да сүйлөшөөрү күтүлүүдө. Мындан тышкары саясий партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуп, өлкөдөгү коомдук-саясий жагдай тууралуу пикир алышууну да болжоп жатат. Буга чейин Кыргызстанга БУУнун жооптуу кызматкери, ЕККУнун төрагасы катары таанымал Ян Кубиш коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууга артыкчылык берет.
Ал өткөн жайда Европа биримдигине өкүл болуп дайындалгандан кийин берген интервьюсунда саясий күчтөр жана жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушууга ар дайым умтулуп турарын билдирген.