Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:05

ПРЕЗИДЕНТ-ПАРЛАМЕНТ КАРМАШЫ КАЙ ТАРАПКА БУРУЛАТ?


Төрага Өмүрбек Текебаевдин ордунда калышы өлкөдөгү саясий кырдаалды кайсы өңүткө бурушу ыктымал? Бул парламенттеги төраганын отставкасына байланышкан добуш берүүдөн кийин коомчулук көңүл бурган негизги маселелердин бирине айланууда.

Айрым талдоочулардын баамында Өмүрбек Текебаевди төрагалык кызматта калтыруу аркылуу парламент кудуреттүү, көз карандысыз бийлик бутагы катары өзүн көрсөттү. Ал эми спикерди алмаштыруу аркылуу парламентти алсыздандыруу аракети ишке ашпай калды деп санаган саясий күчтөр канагаттанууларын жашырган жери жок. Парламентти таркатуу үчүн күрөшүп келген күчтөр өз кезегинде соңку окуялар парламенттин ичинде кризисти күчөтөт деп белгилешүүдө. «Эркиндик» саясий партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев парламенттин бул чечимин өзүнө өзү ор казуу катары баалады:

- Конституцияда бийликтин тигил же бул бутагы мамлекеттин өсүшүнө, анын ички тынчтыгына, стабилдүүлүгүнө зыян келтирип атса, бийликтин ар кандай тармактары менен кармашып, кагышып атса, анда муну таркатуу мүмкүн деген жери бар. Ошондуктан, «Эркиндик» партиясы таркатууну ого бетер кайра-кайра коет.

Текебаевдин кызмат ордунда калышына карата президенттик администрация менен өкмөт өз позициясын айта элек. Президент Курманбек Бакиев 15-февралда «Коммерсанть» гезитине берген интервьюсунда Текебаевдин кызматтан кетерине терең ишенип, бул кадамды парламентти таркатуудан сактап кала турган бурулуш учур катары белгилеген.

Текебаев жана анын таламын талашкан депутаттар маселе Текебаевде эмес, маселе президенттин парламентти кол балага айландыруу аракетинде экенин парламент отурумунда дароо эле айтып чыгышкан. Алардын оюнда, президент айткандай, парламент өлкөнү бейстабилдүүлүккө түртүп жаткан жок, тескерисинче, саясий кырдаалды турукташтыруу аракетин көрүп жатат. Маселен, Каныбек Иманалиевдин айтымында, мамлекет алсыз бойдон калууда. Ал эми депутат Кабай Карабеков экономика өнүкпөй калган үчүн өлкө саясат менен алек болуп атат дейт:

- Эмне үчүн биз акыркы бир жыл, жарым жыл ичинде өңчөй саясат жөнүндө айтып атабыз. Себеби, экономикалык жараяндар токтоп калды. Алар жүргөн жери жок. Телекөрсөтүүдөн жүгүрмө тасманы карап көргүлөчү, ишкердикти сатам дегенди гана көрөсүз. Ондогон, жүздөгөн кулактандыруулар. Мурда элдер акча табуу үчүн кетишчү. Азыр качып кетип атышат. Келечегин көрө албай атышат.

Анткен менен саясат таануучу Карыбек Байбосунов парламент саясий оюндар менен алек болуп жатат деген президенттин пикирин колдойт. Бирок, талдоочунун оюнда бийлик бутактарынын ортосундагы мамиленин өзгөрүшү төраганын алмашышынан көз каранды эмес:

- Менин оюмча, Текебаевдин парламенттин стабилдүүлүгүн, парламенттин президенттик администрацияга болгон конфронтациясын же күчөтүп, же азайта алмак эмес. Акыбал ошол эле бойдон калат.

Президент менен парламент төрагасынын мындан ары тил табышып иштешип кетеринен үмүт кыларын «Азаттыкка» берген интервьюсунда «Социал-демократтар» партиясынын төрагасы, өнөр жай жана соода министри Алмаз Атамбаев билдирди:

- Эгер президент менен төрага тил табышып кетсе проблема деле болбойт. Эгер тил табышпай калса, ишке да, экономикага да таасирин тийгизет. Ошон үчүн биздин чоңдорубуз тил табышып эле иштеп кетсе экен деп атам.

Саясий таймашта мөөрөй алган Өмүрбек Текебаев өзү болсо, эгер, депутаттар аны кызматында калтырса, президенттик администрация парламент менен иштешүүгө милдеттүү болорун алдын ала эле белгилеген болчу.

Анткен менен, парламенттин шейшемби күнкү отурумунда төраганы кетирүү үчүн көпчүлүк добуш алып, бирок, жеңишке жетпей калган депутаттар Текебаевге добуш берүү мыйзам бузуу менен өттү деп билдирүү жасашып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты. Мындай талаптын негизинде бюллетенди кайра саноо үчүн текшерүү комиссиясы түзүлдү.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG