Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

“Кыргыз туусунун” жамааты нараазылык акциясын улантышты


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин алдына “Кыргыз туусу” гезитинин эмгек жамаатынан 30га чукул адам пикетке чыгышты. Алар өкмөттүн 25- январдагы гезиттин башкы редакторун алмаштырган токтомунун аткарылышына каршы чыгышууда. Алар Бакыт Орунбековдун башкы редакторлук кызматтан алынышы негизсиз, ал эми өкмөттүн бул токтому мыйзамсыз деп эсептешет. 30- январда өкмөт алдына аталган гезиттин эмгек жамаатынын талабын колдоп 70ке чукул адам пикетке чыккан. Өкмөттүн маалымат кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Жедигер Саалаев билдиргенге караганда, Бакыт Орунбеков өкмөттүк гезиттин бетинде премьер- минитср Феликс Куловго каршы тенденциялуу макалаларды жарыялаган. Бакыт Орунбеков бул кызматка 24- марттагы ыңкылаптан кийин дайындалган. Ага чейин “Фергана” көзкарандысыз гезититин жетектеп келген.

XS
SM
MD
LG