Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

Милиция бөлүмүнө кол салып, хизбутчуну бошотуп алышты


БАТКЕН. Тажикстандын Согду облусуна караштуу Кайракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармалуучу жайында куралчан кол салуу болду.
Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан 27-январда кабарлашты. Маалыматка караганда, Кайраколдогу убактылуу кармалуучу жайга куралчан үч белгисиз адам кол салуу жасап, изолятордо отурган Хизб-ут тахрир исламчыл кыймылыгынын жактоочусу Фатулла Рахимовду Рахимовду бошотуп, белгисиз жака качып кетишкен. Атышуу болуп убактылуу кармалуучу жайдын начальниги набыт болгон. Окуяга байланыштуу Тажикстандын чегара кызматынын бардык бекеттери күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Учурда куралчан кылмышкерлерди издөө иштери тажик-кыргыз чегара аймактарында да жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG